Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкели бийиктейт – сүрөттөр

Коом 20 июнь 2025 11:25
509220392_1162495922592927_3538555390925073291_n.jpg
510408376_1162496075926245_7506801965359400303_n.jpg
509934712_1162495605926292_3304682123650074716_n.jpg
509170701_1162495872592932_6272842445902392768_n.jpg
510473821_1162495889259597_305351675510189980_n.jpg
509426979_1162495575926295_556235447948518984_n.jpg
Алдыга
Артка
509220392_1162495922592927_3538555390925073291_n.jpg
510408376_1162496075926245_7506801965359400303_n.jpg
509934712_1162495605926292_3304682123650074716_n.jpg
509170701_1162495872592932_6272842445902392768_n.jpg
510473821_1162495889259597_305351675510189980_n.jpg
509426979_1162495575926295_556235447948518984_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкели бийиктейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өткөргөн көчмө жыйында белгилүү болду.

Мэриядан билдиришкендей, көчмө жыйындын жүрүшүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан эки маанилүү объект текшерилди. Белгиленгендей, Ала-Тоо аянтында Манас эстелигинин астыңкы бөлүгү оңдолуп жатат. Учурда эстеликти жаап турган плита, эстеликтин өзү жана астыңкы пайдубал алынып салынды. Долбоордук документтерге ылайык, эстеликтин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзүп, жогору көтөрүлгөн сайын акырындык менен 2,5 метрге чейин ичкерилет. Белгиленгендей, эстелик 10,3 метр бийиктикти түзөт. Капиталдык курулуш башкармалыгына курулуш иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын катуу көзөмөлдөө тапшырылды.

Анжан соң Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи спорттук арена текшерилди. Бул спорттук имарат 5000 көрүүчүгө ылайыкталган жана жер төлөлөрү бар. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө металл конструкциялар толугу менен орнотулуп бүттү, ошондой эле сэндвич-панелдерди орнотуу жана ички электр чубалгыларын тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Биринчи Май райондук акимиатына бул курулуш ишинин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.