Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас эстелиги реконструкцияланууда

Коом 11 июль 2025 18:00
1752225055.jpeg
1752225004.jpeg
1752225009.jpeg
1752225014.jpeg
1752225020.jpeg
1752225036 (1).jpeg
1752225041 (1).jpeg
Алдыга
Артка
1752225055.jpeg
1752225004.jpeg
1752225009.jpeg
1752225014.jpeg
1752225020.jpeg
1752225036 (1).jpeg
1752225041 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Айкөл Манас эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Айкөл Манас эстелигинин постаментинин дубал мраморун орнотуу, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш-монтаждоо иштери аяктоо баскычына жетти.

Долбоорго ылайык, постаменттин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзөт. Айкелдин бийиктиги — 10,3 метр.

Постаменттин конструктивдик бөлүгү монолиттүү темир бетон менен тургузулган. Буга жалпы 1 070 куб метр бетон куюлган. Курулуш иштерин подряддык уюм “Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы аткарууда.

Шаар башчысы иштердин сапатын жана объекттин мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле ал “Бишкекжарык” жана “Бишкекбашкыархитектура” ишканаларына постаменттин жарыктандыруусун карап чыгуу керектигин белгиледи.

Мэрдин тапшырмасы боюнча, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө “Бишкекбашкыархитектура” автордук көзөмөл жүргүзүүдө.