Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Ноорузга карата даярдыктар кызуу жүрүүдө.
Белгилей кетсек, эртең, 21-мартта Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленет. Негизги салтанаттуу иш-чаралар Нарын шаарында өткөрүлөт.
Бул майрам борбор калаада да масштабдуу белгиленмекчи. Майрамдык салтанаттар "Ала-Тоо" аянтында жана Бишкек шаарынын бардык райондорунда өтөт.
Саат 11:00дөн 22:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында концерттер, улуттук оюндар, көргөзмөлөр жана Кыргызстандын элдеринин каада-салттары тааныштырылган этно-боз үй шаарчалары менен коштолгон программа тартууланат.
Ошондой эле конокторду артисттердин өнөрлөрү, маданий иш-чаралар жана элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү күтөт.