Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт өтүүдө

Маданият 31 Август 2025 19:48
IMG_5755.jpeg
IMG_5756.jpeg
IMG_5754.jpeg
IMG_5751.jpeg
IMG_5752.jpeg
IMG_5753.jpeg
IMG_5748.jpeg
IMG_5749.jpeg
IMG_5750.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5755.jpeg
IMG_5756.jpeg
IMG_5754.jpeg
IMG_5751.jpeg
IMG_5752.jpeg
IMG_5753.jpeg
IMG_5748.jpeg
IMG_5749.jpeg
IMG_5750.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек 31.08.25 /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сахнада бир нече фольклордук жана хореографиялык топтор, ошондой эле эл сүйгөн ырчылар чыгып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон чыгармаларын тартуулашты. Алар: Марат Талантбеков, Игорь Воронцов, Алихан, Айша Самсалиева, Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев, Айзада Султанова, Кубаныч Сатаев, Султан Каримов, Динара Акулова, Нурбек Серкебаев жана башкалар.

Ар бир номер көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кол чабуулар, жылмаюулар жана позитивдүү энергия менен коштолууда. Ала-Тоо аянты бүгүн майрамдык шаңга толуп, кубанычтуу маанайда.

Учурда миңден ашуун шаар тургундары жана коноктор бул майрамдын күбөсү болушууда.

Ал эми алдыда көрүүчүлөрдү Арсен, Бегиш, Фриман, Азат Раимбердиев жана башка белгилүү ырчылардын чыгармалары күтүп турат.