Бишкек, 22.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык концерт өтүп жатат.
Концерттик программага ата мекендик жана Россия эстрадасынын белгилүү ырчылары катышууда. Алардын катарында Филипп Киркоров, Слава, Zivert, Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Стас Михайлов, Николай Басков жана башка өнөрпоздор бар.
Иш-чара саат 17:00дө башталып, миңдеген адамдарды чогултту. Аянтта майрамдык маанай күч алып, көрүүчүлөр артисттер менен кошо ырдап, бийлеп, кол чаап колдоо көрсөтүшүүдө.