Ала-Тоо аянтына Манастын жаңыланган айкели орнотулду

Коом Загрузка... 28 Июль 2025 10:40
copyright icon WWW

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Манастын жаңыланган айкели орнотулду.

Социалдык тармактарда тараган видеолордон скульптура жаңы постаментке орнотулганын көрүүгө болот.

Долбоорго ылайык жаңы жаңы постаменттин бийиктиги 22,7 метр, туурасынын төмөнкү тарабы 6,2 метр бара-бара 2,5 метрге чейин кууш. Манастын өзүнүн скульптурасынын бийиктиги 10,3 метрди түзөт.