Ала-Тоо аянтына "Көчмөндөр оюндарына 100 күн калды” аттуу такта орнотулат

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 19 Май 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. 23-майда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды” аттуу электрондук тактасы салтанаттуу түрдө ишке киргизилет. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электрондук такта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келе турган катышуучу, конок, турист жана кыргызстандыктар үчүн маанилүү символикалык этап болуп саналат. Ал дүйнөдөгү ири этномаданий жана этноспорттук окуялардын бири болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жакындап келе жатканын көрсөтүп турат.

Электрондук тактада Көчмөндөр оюндарынын баштала турган датасын утурлай артка санак башталат.

Салтанаттуу иш-чарада шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа, улуттук спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар, өнөктөштөрдүн жана тематикалык аянтчалары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик продукцияларын таратуу уюштурулат.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги — 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү маанилүү окуяларды кеңири чагылдырып келет.

Бүгүнкү күндө "Кабар" дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен кызматташып, ата мекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий маалыматтын негизги булагы болуп саналат.

Быйыл "Кабар" агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026 иш-чарасынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.