Бишкек,28.02.25./Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында 6-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Өчүрүү Ала-Тоо конушунун суу топтомосунда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.
“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.