Ала-Букадагы "Шах-Фазиль" музейинин жаңы имараты ачылды

Аймак 5 сентябрь 2025 16:45
1.jpg
543530650_1079734084318347_8848465508473871953_n.jpg
543670206_1079734077651681_8451915064947105273_n.jpg
543941052_1079734557651633_1880889574398566715_n.jpg
544427186_1079734427651646_8540209748352304712_n.jpg
544486863_1079734194318336_532167756068012537_n.jpg
544528494_1079734204318335_5886798322896301399_n.jpg
542005444_1079734517651637_111792661690995431_n.jpg
543192019_1079734540984968_4412600651867009393_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Ала-Бука районундагы маданий жайлар жаңыланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков аймактагы оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Алар алгач Ш.Жоробекова атындагы маданият үйүндө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Аталган мекеме 4,5 млн сомдон ашуун каражатка реконструкцияланды.

Ошондой эле төрага жана министрдин биринчи орун басары Сафед-Булан айылындагы "Шах-Фазиль" мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин дирекциясынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Имараттын курулушу 2023-жылы башталып, ага жалпысынан 27 млн сом каражат бөлүнгөн. Сапардын алкагында Шах-Фазиль эстелиги менен да таанышып, анын архитектуралык жана көркөмдүк өзгөчөлүктөрү өткөн доордун өрнөктүү мисалы гана эмес, ыйык жайлардын бири экендиги белгиленди. Зыярат кылуу учурунда күмбөздө куран окулду.