Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен - ӨКМ

Кырсык Загрузка... 14 Апрель 2025 18:16
71793.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички унаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыр тарткандар жок.

Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жолдор калыбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды.

Жеринде Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.