Ала-Букадагы Падек айылында маданият үйү ачылды

Аймак 5 июнь 2025 15:45
image2.jpg
image1.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
Алдыга
Артка
image2.jpg
image1.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 05.06.25 /Кабар/. Ала-Бука районундагы Падек айылында маданият үйүнүн ачылыш аземи өттү.

Парламенттен билдиришкендей, аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышты.

Алсак, 4 миңден ашуун калкы бар айылдагы бул маданият үйү 220 орунга ылайыкташкан. Курулушка райондук өнүктүрүү фондунан 16 млн сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 750 миң сом жумшалган.  

Жергиликтүү элди маданий жайдын ачылышы менен куттуктаган төрага өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жакшы саамалыктар тууралуу сөз кылып: “Мамлекет тарабынан калктын жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык-инфраструктуралык маселелерди чечүү багытында алгылыктуу иштер аткарылууда. Айрыкча экономикалык тармакта ири реформалар ишке ашырылып, өлкө казынасы 704 млрд сомдон ашты. Бул албетте чек эмес. Талыкпаган эмгек жана туруктуулук менен алдыга умтула берсек, көп ийгиликтерге жетишерибиз анык”, – деди. 

Соңунда төрага маданий жайдын көрүндүгү катары өзүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миң сомдун сертификатын тапшырды.