Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушканда жергиликтүү тургун базар маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, базардын айланасында дайыма унаа тыгыны жаралат. Мындан улам базарды башка жерге жылдыруу зарыл.
Район акими мал базар буга чейин сыртка чыгарылганын айтты. Ал эми борбордогу базар жайгашкан аймак Башкы планда жол катары көрсөтүлгөн. Бирок “кызыл китеп” берилип, контейнерлер орнотулуп калган. Жол жайгаша турган жер 2010-2020-жылдар аралыгында берилип кеткен.
Президент чөнтөк кызыкчылыгынын айынан мурда аткаминерлер – акимби, айыл өкмөтүбү, Кадастрбы коррупциялык жол менен жерлерди жеке тараптарга берген болушу керектигин белгиледи.
“Жол ачылышы керек. Бирок күнөө ошол убактагы аткаминерлерде. Жол ачуу керек болсо, анда жер ээлерине башка аймактан жер берилиши керек. Бул маселени ушундай жол менен чечүү зарыл”, - деп айтты өлкө башчысы.