Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Жогорку сот тарабынан уюштурулган жер мамилелери чөйрөсүндө административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда келип чыккан көйгөйлүү маселелер талкууланган тегерек стол өтүүдө.
Иш-чарага Жогорку соттун судьялары, административдик иштерди караган жергиликтүү соттордун төрагалары, Конституциялык соттун жана Башкы прокуратуранын, ошондой эле Президенттик администрациянын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакированын айтымында, жер мамлекеттин маанилүү улуттук байлыгы жана экономикалык өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири. Ошол эле учурда жер тилкелерин берүү, каттоо жана максаттуу багытын өзгөртүүдө жарандар менен юридикалык жактар үчүн бир катар бюрократиялык жана укуктук тоскоолдуктар дагы эле кездешет.
“Буга чейин президенттин тапшырмасы менен жер жерлерде калк менен жолугушуулар уюштурулганы маалым. Алардын арасынан Ош жана Нарын облустарынын жашоочулары менен болгон жолугушууларда айтылган кайрылууларга Жогорку сот тарабынан талдоо жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында кайрылуулардын 50 пайыздан ашыгы сот органдарынын гана ыйгарым укуктарына тиешелүү эмес, бир нече мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүүсүн талап кылган системалуу маселелерге байланыштуу экени аныкталды”, — деди ал.
Нургүл Бакирова өзгөчө жер жана мүлк талаштарын чечүүдө мамлекеттик органдардын өз ара координациясын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
“Бүгүнкү тегерек столдун негизги максаты — жер мамилелериндеги көйгөйлөрдү аныктоо, административдик актыларга, чечимдерге, аракеттерге же аракетсиздикке байланыштуу талаштардын келип чыгуу себептерин талкуулоо жана аларды алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды аныктоо”, — деди жогорку соттун төрагасынын орун басары.
Бакирова белгилегендей, жолугушуунун жыйынтыгында жер талаштарынын санын кыскартууга, алардын келип чыгуу себептерин жоюуга жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган конкреттүү сунуштар иштелип чыгат.