Жогорку сот жер талаштарындагы негизги көйгөйлөрдү атады

Коом 24 сентябрь 2026 11:25
Жогорку сот жер талаштарындагы негизги көйгөйлөрдү атады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жер маселелерине байланыштуу каралган 2004 административдик иштин 65,81 пайызында доогерлердин талаптары толугу менен же жарым-жартылай канааттандырылган. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова жер маселелерине байланыштуу административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда келип чыккан көйгөйлөргө багытталган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер маселелериндеги ишмердигинде мыйзам бузуу жана катачылыктар системалуу мүнөзгө ээ экенин көрсөтөт.

“Жогорку сотко жер маселелерине байланыштуу 2004 иш келип түшкөн. Анын ичинен 1242 административдик доо толугу менен, 77си жарым-жартылай канааттандырылган. Бул 65,81 пайызды түзөт”, — деди ал.

Бакирова белгилегендей, 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында административдик сотторго жалпы 9328 административдик доо түшүп, анын 5950ү же 63,79 пайызы жер маселелерине байланыштуу болгон. Ушул мезгилде 8825 иш каралып бүтүп, анын 5523ү жер талаштарына тиешелүү болгон.

Соттук практикада жер тилкелерин берүүдө ыйгарым укуктардын ашырылышы, бир жер тилкесине бир нече токтом чыгаруу, кезектүүлүктү сактабоо, жердин категориясын жана максаттуу багытын мыйзамсыз өзгөртүү сыяктуу фактылар кездешүүдө.

“Жер тилкесин берүүдө анын категориясы, максаттуу багыты, мамлекеттик же муниципалдык менчикте экендиги, тиешелүү органдын ыйгарым укугу, жерди берүүгө мыйзамдуу негиздин болушу жана зарыл учурда аукцион өткөрүлгөнү эске алынууга тийиш”, — деди Нургүл Бакирова.

Ал өзгөчө жеке турак жай куруу үчүн жер берүүдө кезектүүлүктүн сакталбашы, арыз ээлерин каттоо журналдарынын жоктугу жана бир эле жер тилкесине эки же андан көп токтом чыгаруу фактылары бар экенин белгиледи.

Ошондой эле социалдык объекттер — мектеп, бала бакча, медициналык жана реабилитациялык мекемелер жайгашкан жерлерди жеке менчикке өткөрүү боюнча талаштар көп кездешет. Мындай жерлердин өзгөчө укуктук режими эске алынууга тийиш.

Жалпы пайдалануудагы жерлерди, анын ичинде көчөлөрдү, жолдорду, аянттарды, сейил бактарды жана скверлерди жеке менчикке берүүдө да мыйзам талаптары сакталууга тийиш.

Мындан тышкары, айыл чарба жана сугат айдоо жерлерин турак жай, соода, өндүрүш жана башка максаттарга берүүдө мыйзам бузуулар аныкталууда. Бакирова мындай учурда жердин категориясын же максаттуу багытын өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген трансформация жүргүзүлүшү керектигин эскертти.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары жайыт жана мамлекеттик токой фондунун жерлерин жеке менчикке берүү фактылары да соттук иштерде кездешип жатканын айтты. Ошондой эле суу фондунун жана суу коргоо зоналарындагы жерлерди берүүдө атайын укуктук режим сакталбай калган учурлар бар.

Мындан тышкары, муниципалдык жерлерди аукцион өткөрбөстөн берүү, мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдү өткөрүп сотко кайрылуу, прокуратура органдары тарабынан доолорду жетиштүү негиздебөө сыяктуу маселелер да айтылды.

Бакирова мамлекеттик органдардын өкүлдөрү сот отурумдарына тиешелүү деңгээлде даярданып, өз позициясын так негиздөөгө тийиш экенин белгиледи. Мыйзам боюнча талашылып жаткан административдик актынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети аны кабыл алган органга жүктөлөт.

2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында административдик соттор тарабынан 62 жеке аныктама чыгарылган. Мындан тышкары, 132 иш боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жалпы 764 миң сом өлчөмүндө соттук айып пул салынган.

Анын айтымында, жеке аныктамалар менен айып пулдардын негизги себептеринин арасында мыйзам талаптарын бузуу, сот отурумдарына жүйөсүз келбей коюу, соттун талаптарын аткарбоо жана керектүү документтерди өз убагында бербөө бар.

“Биз сиздерди кандайдыр бир конфликтке баруу үчүн чакырган жокпуз. Максатыбыз — кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөтүп, алардын үстүнөн иштеп, мындан ары мындай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн конструктивдүү диалог түзүү”, — деди Нургүл Бакирова.