Чүйдө жер талаштары административдик иштердин 80%ын түзөт

Коом 24 сентябрь 2026 11:55

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Чүй облусунда административдик соттордо каралган иштердин 80%га жакыны жер маселелерине байланыштуу. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Жыргал Мурзалиева билдирди.

Анын айтымында, жер мамилелери коомдук мамилелердеги маанилүү институттардын бири болуп саналат. Жер маселелери боюнча административдик талаштар Чүй облусунда каралган административдик иштердин басымдуу бөлүгүн түзөт.

“Негизинен жарандар жер тилкелерин берүү, алып коюу, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн жер бөлүп берүү, жер тилкелерин акы төлөп берүү, жер үлүшүн берүү жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо маселелери боюнча кайрылышат. Бул маселелердин бардыгы Чүй облусунда каралган административдик иштердин 80%га жакынын түзөт”, — деди ал.

Мурзалиеванын маалыматына караганда, мындай иштердин саны жылына орточо 700–800гө жетет.

“Административдик сот өндүрүшү жарандардын административдик органдардын аракеттерине, аракетсиздигине жана чечимдерине даттанган арыздарын кароону камтыйт. Бул жер маселелерин кароодо мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айрым мыйзам бузууларга жол берилиши мүмкүн экенин көрсөтөт. Мына ушулар жарандардын сотко кайрылуусуна негиз болот”, — деди ал.

Ал белгилегендей, талаштардын себептери ар түрдүү. Айрым учурларда мамлекеттик органдар жер тилкесин берүүдөн баш тартса, кээде мыйзамсыз түрдө жер берип коюшу мүмкүн. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын башка аракеттери да жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын бузууга алып келиши мүмкүн.

Мурзалиева жер маселеси боюнча укугу жана кызыкчылыгы бузулган жарандар алгач сотко чейинки тартипте тиешелүү органга же жогору турган органга кайрылышы керектигин айтты. Эгер маселе ошол жерде чечилсе, сотко кайрылуунун зарылдыгы жок. Ал эми орган же жогору турган орган жарандардын талабын канааттандыруудан баш тарткан учурда административдик сотко доо арыз менен кайрылууга болот.

“Биринчи инстанциядагы административдик иштерди кароонун мөөнөтү иш сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айды түзөт. Бирок административдик талаштарды кароо айрым учурларда узакка созулушу мүмкүн. Бул, негизинен, административдик органдардын өкүлдөрүнүн сот отурумуна келбей калган учурлары менен байланыштуу”, — деди ал.