Ала-Букада мыйзамсыз курулган соода борбору аныкталды

Аймак 13 Май 2026 18:05
14034846-0344-43a3-8385-e2dc7538a1a5.jpg
ab596009-2ad8-42f9-b135-2f6a8986687f.jpg
4912192f-483b-42c7-a998-c895aaec87b2.jpg
074e86d4-753f-4661-b9fa-fee22d1be4ee.jpg
4467ba42-944b-41ed-b292-f03c1cfb83ac.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Ала-Бука районунда тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуп жаткан объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн алкагында Ала-Бука айылынын Т. Сартманбетов көчөсүндө жайгашкан "Аль Барака" соода жайынын курулушу архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлүп жатканы такталды.

Мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн жаран А.З.Х. карата 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Курулуш-монтаждоо иштери мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин токтотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган объекттин ээсине эскертүү берилгенине карабастан, курулуш иштери токтотулган эмес.