Ала-Букада экспорттук-логистикалык борбордун курулушу аяктады

Аймак Загрузка... 01 Сентябрь 2025 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Ала-Бука районунда "Бай-Талаа" экспорттук логистикалык мал чарба борборунун курулушу соңуна чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бай-Талаа" экспорттук логистикалык мал чарба борборунун курулуш иштери бүгүнкү күндө 98%га аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.

Ири долбоордун негизги параметрлери:

  • кубаттуулугу: 3000 баш малга ылайыкталган;
  • түзүлүүчү жумуш орундары: 1200;
  • курулуш аянты: 50 000 м²;
  • жалпы наркы: 18 млн сом;
  • каржылоо булагы: Жеке инвестиция;
  • буйрутмачы: “Кыргыз Эко Экспорт” ишканасы;
  • подрядчы: “Арх Курулуш” ишканасы.

Бүгүнкү күндө борбордун негизги курулуш иштери толук бүткөрүлүп, кошумча иштер – автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери аткарылууда.

Бул борбордун ачылышы менен Ала-Бука районунда жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактагы мал чарбасын экспортко багыттоо жана айыл чарба продукциясынын логистикасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү жаралат.