Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Ала-Букада ата-энесиз калган өспүрүмдөргө турак жай үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 16 жаштагы эки өспүрүмдүн турак жайы жок экендиги жана мыйзамда белгиленген тартипте камсыздалбагандыгы аныкталды.
Бул факты боюнча прокурордук чаралар көрүлүп, натыйжада эки балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында Жалал-Абад облустук прокуратура органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында ата-энесинин камкордугусуз калган 10 балага турак-жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилди.