Ала-Букада 450 тонналык мөмө-жемиш сактоочу жай курулууда

Аймак Загрузка... 05 Август 2025 16:00
spring-fruits-65d8f51d00673.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.2025. /Кабар/. Ала-Бука районунда көп тармактуу айыл чарба кооперативинин базасында 450 тонналык мөмө-жемиш сактоочу жайдын курулуш иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда мөмө-жемиш кургатуучу жабдыктар сатып алынып, орнотулуучу жер даярдалууда.

Объектини куруу эки этап менен өтүп, биринчи этапта 300 тонналык эки мөмө-жемиш сактоочу жай курулган.

2025-жылга пландалган 450 тонналык (3 даана 150 тоннада холодильник) жана мөмө жемиш кургатуучу цехтин мөмө-жемишти жуучу жабдуусу (мойка) 850 миң сомго алынып, ишке берилгени турат.

Ошондой эле цех таңгактоочу жабдык жана мөмө-жемишти тоңдуруучу жабдуу менен камсыз болгон.

Эми алдыдагы планда сүттү кайра иштетип, курут жасоочу жабдык сатып алуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.