Бишкек, 25.10.26. /Кабар/. Учурда Ала-Бука районундагы 41 айылдын болжол менен жарымы ичүүчү суу менен камсыздалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунун активи жана тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, учурда беш айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Аларды 2028-жылы аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда. Ал эми калган калктуу конуштарда долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.