Ала-Букада 300 гектар жерге күн панелдерин орнотуу пландалууда

Коом 4 июль 2025 10:42
515386799_714778497984054_1679043676696467800_n.jpg
513894027_714778754650695_7596361788605302526_n.jpg
514066037_714777931317444_3586694033207187954_n.jpg
514079623_714779007984003_4508326522261803997_n.jpg
514320120_714779104650660_6539466379068559361_n.jpg
514488641_714778914650679_8891901534756919581_n.jpg
514883568_714778864650684_1188835232348637298_n.jpg
515074065_714779161317321_1626433189858265635_n.jpg
515146939_714778617984042_4992104554334462386_n.jpg
515278923_714791594649411_6915248028462285776_n.jpg
515431546_714778184650752_662232562404130131_n.jpg
515585066_714778644650706_2727654186449442940_n.jpg
515681724_714791107982793_4325467915395257403_n.jpg
515711324_714779294650641_1344419275738422845_n.jpg
515751929_714779271317310_6066948548444407306_n.jpg
515899723_714778237984080_5715105509471117136_n.jpg
516077882_714778341317403_641944033234429273_n.jpg
516095380_714778591317378_5633102349096161293_n.jpg
516150851_714778891317348_475788183708278231_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.07.25 /Кабар/. Ала-Букада 300 гектар жерге күн панелдерин орнотуу пландалууда. Бул тууралуу күн мурун райондук мамлекеттик администрациясында өткөн "Ала-Бука районунда күн кубатынан энергия алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү" аталышындагы инвестициялык кеңешмеде айтылды.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, кеңешмеге аким Руслан Айтбаев баштаган райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Solar Energy ЖЧКнын башкы директору Асанбек Тороев, Sinotech компаниясынын генералдык директору Шау Вей жана "Чапчыма-Gold" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Улан Рахманбердиев катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Ала-Бука районунда күн кубатынан энергия алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана кызматташтык боюнча маселелер талкууланып, баяндамалар жасалды.

Район акими өлкө аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча алгылыктуу жумуштар жүрүп жатканын, анын ичинде Ала-Бука районунда да кичи ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле күн энергиясын өндүрүү үчүн да өтө ыңгайлуу шарттардын болгону, келечекте электр энергиясын өндүрүүдө кошумча багыттарды камтып, райондун өндүрүштүк-экономикалык потенциалын жогорулатарын кошумчалады.

Кеңешменин жыйынтыгы менен тараптар Ала-Бука районунда 300 гектар аянтка күн панелдерин орнотуу долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

Андан соң долбоор ишке ашырылуучу жер участогун жеринен көрүшүп, күн панелдерин орнотууга ыңгайлуулугу тууралуу жергиликтүү адистер менен пикир алмашышты.

Соңунда кеңешменин катышуучулары Айры-Там айыл аймагындагы Кара-Үңкүр мектебинин курулушу менен таанышып, аймактагы көптөгөн социалдык долбоорлорго жакындан жардам берип келе жаткан Solar Energy ЖЧКчынын башкы директору Асанбек Тороев аймактын инфраструктурасын жакшыртууга мындан кийин да көмөктөшөрүн билдирди.