Кыска мөөнөттүү бала бакча. Ала-Букада кошумча тайпалар ачылды

Аймак Загрузка... 08 Сентябрь 2025 11:30
2023-09-30_14-41-43_441174.jpg
copyright icon www

Бишкек, 08.09.25 /Кабар/. Ала-Букада дагы 100дөн ашык бала кыска мөөнөттүү бакчага тартылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагындагы Р. Исаков жалпы билим берүүчү мектебинин (2 тайпа) жана Чоң-Сай башталгыч мектебинин базасында (1 тайпа) кыска мөөнөттүү бала бакча тайпалары ачылды. Ошентип 3 тайпа жалпы 107 баланы кабыл алды.

Белгиленгендей бул мекемес «Келечек үчүн билим берүү» долборунун алкагында түзүлдү. Долбоордун алкагында имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, санитардык-гигиеналык шарттар түзүлдү. Мындан сырткары, эмерек, килем, өнүктүрүүчү куралдар, оюнчуктар, китептер, колдонмолор жана балдар аянтчасын орнотулду.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долборунун алкагында Ала-Бука районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ачуу пландалган. Анын 10у ачылып, мында 500дөй бала тарбияланууда. Калган эки бакчада да ремонт иштери толук аяктады. Жакынкы убакта алар да ачылат.

Эске салсак, «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 20 миңден 40 миңге чейинки (3-5 жаштагы) бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.