Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 0-100 чакырым аралыгын капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда 76 чакырым асфальттын алдыңкы катмары, 52 чакырымдын үстүңкү катмары салынды.
Мындан тышкары, 4 көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүп жатат жана 65 суу өткөрүүчү түтүк орнотулуп бүттү. Калган тилкелерде жер негизин даярдоо, жол жээгин бекемдөө иштери аткарылууда.
Жолдун курулушу үчүн эки асфальт-бетон заводу орнотулуп, жыл башынан бери 180 жумушчу жана 90 даана атайын техника тартылган.
Белгилей кетсек, курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Ала-Бука менен Чаткалды бириктирген бул жол IV категориядагы, эки тилкелүү жана 11,5 тонна жүк көтөрүмдүүлүгүнө ылайыкталган. Долбоордо жалпы 11 көпүрө жана 22 сел өткөрүүчү өтмөк курулушу каралган.