Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанилүү Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулушу өз нугунда жүрүүдө.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, буга чейин жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлгөн. Учурда калган 20 чакырым тилкени асфальттоо иштери уланууда.
Бүгүнкү күнгө карата 0–64-чакырымдары жана 79–100-чакырымдары аралыгында асфальттын биринчи катмары төшөлүп, 0–48 жана 91–100-чакырымдарында экинчи катмарын төшөө иштери аяктады. Азыркы тапта Чапчыма ашуусунун айланасындагы 64–79-чакырымдарда жер жумуштары жана жол негизин асфальттоого даярдоо иштери жүрүп, 48–64-чакырымдар аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.
Жолдун курулушу толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Автожол III техникалык категорияга кирет. Ал 2 тилкелүү болуп, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып салынууда.