Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү

Аймак 11 февраль 2026 15:23
Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү
copyright icon WWW

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү жолдун 93-101-чакырым аралыктарына 5 жерден түшүп, учурда көчкүнүн көлөмү такталууда.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн "Жагалмай" ЖЧКсынан 4 жүктөгүч тартылып, жолду ачуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, аба ырайынын шарттарына байланыштуу Чаткал районунун акиминин тескемесинин негизинде аталган унаа жолго бүгүн, 11-февралда аба ырайы турукташканга чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.