Ала-Бука районундагы медициналык жайлардын абалы текшерилди

Аймак 14 июль 2025 11:00
518311873_1840018983532024_6532578185344809210_n.jpg
518719947_1840022706864985_7032949297699198960_n.jpg
515436069_1840022756864980_4558860300721898854_n.jpg
515437913_1840022770198312_8706630368531657014_n.jpg
518279020_1840022726864983_8541126705143875338_n.jpg
Алдыга
Артка
518311873_1840018983532024_6532578185344809210_n.jpg
518719947_1840022706864985_7032949297699198960_n.jpg
515436069_1840022756864980_4558860300721898854_n.jpg
515437913_1840022770198312_8706630368531657014_n.jpg
518279020_1840022726864983_8541126705143875338_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.07.25 /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жумушчу сапарынын алкагында Ала-Бука районундагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ал Жалпы дарыгерлик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын учурдагы абалын жеринен көрүп, андагы санитардык жана техникалык шарттар боюнча маалымат алды.

Ошондой эле Ала-Бука райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториясынын абалы менен да таанышты.

Аталган эки мекеме тең 1950-жылдары курулган болуп, бүгүнкү күндө авариялык абалда. Имараттардын эскилиги жетип, курулуш конструкцияларынын эскирүүсү, санитардык талаптарга жооп бербеген шарттар жана заманбап жабдуулардын жетишсиздиги дарыгерлердин жана калктын коопсуздугуна жана тейлөөнүн сапатына терс таасир тийгизип келе жатканы белгиленди.

Текебаев тиешелүү медициналык мекемелерге даярдалган жаңы курулуш добоорлору менен таанышып, маселени чечүү боюнча каржы булактарын аныктоо иштерин ыкчамдатууну тапшырды.