Ала-Бука районунда жер семирткич өндүргөн завод ишке кирди

Аймак 9 декабрь 2025 17:56
595155017_1961461024721152_3470255706707266517_n.jpg
595208396_1961461074721147_5682548042754766353_n.jpg
595795462_1961458818054706_2881451864820434353_n.jpg
596488699_1961461094721145_4031434028004547005_n.jpg
596496273_1961461034721151_1641746905280061188_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Ала-Бука районунун Ак-Там айылында "Агрофос" жаңы өндүрүш заводу ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Заводдун негизги максаты айыл чарбасы үчүн керектелүүчү минералдык жер семирткичтерди өндүрүү болуп саналат. Учурда заводдо 6 адам иш менен камсыз болуп, күнүнө 15 тоннага чейин продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бүгүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев заводдун иши менен таанышып, өзүнүн сунуш-пикирлерин билдирди. Мындан сырткары, облус башчысы өндүрүштүк жайдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.