Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Тайлак айылында болжол менен саат 15:30 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 турак үйдүн короосун каптаган жана “ВАЗ 2017” үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен.
Аталган аймакка ӨКМдин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.
Кошумча маалымат берилет.