Ала-Бука райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 6 декабрь 2025 13:23
594026527_1174736388178745_3207112583155632249_n.jpg
593515021_1174736418178742_7962239930975911653_n.jpg
594272400_1174736438178740_8178105150956116791_n.jpg
594455529_1174736508178733_2340131823880777562_n.jpg
594972284_1174736404845410_6895880669215020387_n.jpg
594974126_1174736484845402_7115681135392346386_n.jpg
595277472_1174736498178734_19632596834208725_n.jpg
595309600_1174736431512074_2511042577300081771_n.jpg
595445462_1174736451512072_6148036510592330990_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Ала-Бука райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Башкы прокутарурадан билдиришти.

Ачылыш аземине башкы прокурору Максат Асаналиев, мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Башкы прокурор жаңы имараттын ачылышын өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган иш-аракеттердин маанилүү жыйынтыктарынын бири катары баалап, бул имараттын ишке берилиши – жөн гана жаңы курулуштун пайдаланууга тапшыруу эмес, коомубузда мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү чыңдоого багытталган маанилүү кадам, өлкө башчыларыбыздын жүргүзүп жаткан натыйжалуу иштеринин жыйынтыгы болуп саналат — деп белгиледи.

Жаңы административдик имарат заманбап стандарттарга толук жооп берип, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын камсыздайт. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана ачык форматтагы бөлмөлөр каралган.