Ала-Бука райондук маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 14 июль 2025 14:23
517425982_1840484516818804_4269387218117861319_n.jpg
517413386_1840487860151803_1535751797007524764_n.jpg
515435775_1840484510152138_3714604847785880383_n.jpg
518275747_1840484556818800_7712575748437702187_n.jpg
518283912_1840484550152134_7318441940884812206_n.jpg
518300346_1840487893485133_6773436543777406417_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Ала-Бука райондук маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жакында өкүл Тилек Текебаев райондук маданият үйүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Маданият үйүнүн имараты учурда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, курулуш иштери райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Бул иштердин негизги максаты – калкка сапаттуу маданий кызмат көрсөтүү шарттарын түзүү жана маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо болуп саналат.

Текебаев маданият үйүн максаттуу пайдалануу, жергиликтүү тургундардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, жаштарды маданий жана руханий тарбиялоо багытында натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал курулуш иштери өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүлүшү зарылдыгын эскертип, тиешелүү жетекчилерге көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Тилек Текебаев Ала-Бука айыл аймагынын Көлмө калктуу конушунда жаңы курулуп жаткан "Көлмө" бала бакчасы менен да жеринен таанышты. Мектепке чейинки мекеме райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.