Ала-Бука – Кербен жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 10:15
700997894_1296713982637345_984280612653396040_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымындагы көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда аталган тилкеде абал кооптуу болгондуктан, көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүүдө.

Жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

703467998_1296713985970678_2610232651284079348_n.jpg
"Жеринде Жол тейлөө ишканасынын адистери жана атайын техникалар иш алып барууда. Көпүрөнүн четтерин бекемдөө жана кесепеттерди жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.