Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Аймак 4 февраль 2026 11:50
Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү мүмкүн
copyright icon WWW

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.