Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 25-августтан 10-сентябрга чейинки туристтик сунуштар жана эс алуу варианттары менен тааныштырууну улантат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ушундай сунуштардын бири — Kapriz Travel туристтик компаниясынын атайын акциясы. Туроператор Кыргызстан боюнча жана коңшу өлкөлөргө уюштурулган бир күндүк жана бир нече күндүк экскурсиялык турларга 15 пайызга чейин арзандатууларды сунуштайт.
Каалоочулар кооз "Ала-Арча" жаратылыш паркына саякаттап, ат минип эс алуу туруна катышып, Асман көпүрөсүнө барып же термалдык булактарды камтыган турду тандай алышат. Ошондой эле багыттардын катарында Соң-Көл, Сары-Челек, Кел-Суу, Алтын-Арашан, Алматы, Ташкент, Түркстан, Самарканд жана Бухара шаарларына саякаттар бар.
Ар бир адам өз кызыгуусуна жараша бир күндүк кыска сапарды же бир нече күнгө созулган толук кандуу саякатты тандай алат.