Ала-Арчадагы кайгылуу окуя: Депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Коом
Ала-Арчадагы кайгылуу окуя: Депутаттык комиссия түзүү сунушталды
copyright icon Кабар

Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Ала-Арчада 14 жаштагы Амир Кунакунов каза болгон кырсык боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу иштериндеги аракеттерин иликтеп, жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону талап кылды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат кырсыктан каза болгон өспүрүмдүн жакындарына көңүл айтып, окуя коомчулукта коопсуздук маселесине тынчсызданууну жаратканын белгиледи. Ал ӨКМге кырсык тууралуу маалымат саат 7-ноябрда саат 19:02де түшкөн учурдан тартып куткаруу операциясынын жүрүшүн мүнөтүнө чейин тактап, ким кандай чечим кабыл алганын расмий көрсөтүүнү сунуштады.

Ошондой эле радиобайланыш каражаттарынын жетишсиздигине, тик учак жана башка техникалардын кечигишине көңүл буруп, министрликтин техникалык регламенттерин кайра карап чыгуунун зарылдыгын айтты.

Депутат Улукбек Ормонов окуянын жагдайларын жана көтөрүлгөн маселелерди иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев учурда атайын комиссия иштеп жатканын, Башкы прокуратура, анын ичинде Аскер прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатканын маалымдады. Иликтөө аяктагандан кийин операцияга катышкан кызматкерлердин аракеттери тууралуу маалымат парламентке берилип, тиешелүү комитеттин же Жогорку Кеңештин жыйынында караларын айтты.

Мындан тышкары, төрага тоолуу жана туристтик аймактарда коопсуздукту күчөтүү үчүн трекерлерди колдонуу, Starlink аркылуу байланыш камсыздоо жана жетүүгө кыйын жерлерде туристтер жардам ала турган аралык базаларды түзүү маселелерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, 9-ноябрда "Ала-Арча" жаратылыш паркынын аймагындагы Электро чокусунан 2011-жылы туулган Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Буга чейин 7-ноябрда өспүрүм кечки саат 19:02де адашып кеткени тууралуу 112 кызматына билдирген.