Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарындагы аялдамалардын курулушун кыш түшкөнгө чейин бүтүрүп, өзгөчө кары-картаңдар, балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгын белгиледи.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда шаардагы айрым аялдамалар толук бүтө элек, ал эми жүргүнчүлөр коомдук транспортту суукта сыртта күтүүгө аргасыз болууда.
“Көпчүлүк жарандар аялдамалар гүл саткан дүкөндөргө, соода түйүндөрүнө айланып калганын айтып жатышат. Ал эми транспорт күткөн эл сыртта калууда. Аялдаманын максаты бизнес жүргүзүү эмес, ал жерде адамдар сууктан жана ысыктан калкаланууга тийиш. Кыш түшүп жатат, бирок бүгүнкү күндө борбор калаада көптөгөн аялдамалар бүтө элек”, — деди депутат.
Ал белгилегендей, суук түшкөн учурда өзгөчө кары-картаңдар жана балдар үчүн аялдамалардын даяр болушу маанилүү.
Улукбек Карыбек уулу Бишкек мэриясына бул маселени тез арада чечүү жана аялдамаларды кышкы суукка чейин бүтүрүү боюнча тапшырма берүү өтүнүчүн билдирди.