Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 7-июлда туристтик милиция кызматы "Ала-Арча" жаратылыш паркында тоодон кулап кеткен туристке жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, туристтик милиция кызмат учурунда чет өлкөлүк жарандын тоодон кулаганын байкап калып, окуя болгон жерге дароо жетип барган.
Жабыркаган киши Недерландиядан келген эс алуучу экенин такташып, алгачкы жардам көрсөтүштү. Андан соң ӨКМдин кызматкери менен биргеликте турист Бишкек шаардык клиникалык жардам ооруканасына жеткирилди.