"Ала-Арчада" суудан өтө албай калган 2 чет элдикке жардам көрсөтүлдү

Коом Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 09:30
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркында суудан өтө албай калган Нидерланддын эки жараны куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 6-августта саат 17:30 чамасында болгон. Маалымат түшкөндөн кийин Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашкан "Эдельвейс" куткаруу кошуунунун кызматкерлери ыкчам түрдө жерине барып, эки чет элдик жаранды коопсуз жерге алып чыгышкан.

ӨКМ тоолуу аймактарга эс алууга чыккан жарандарды жана туристтерди коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 кызматына кайрылуу зарыл.