"Ала-Арчада" эс-учун жоготкон жаранга жардам көрсөтүлдү

Кырсык Загрузка... 02 Март 2026 08:50
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында "Эдельвейс" тоо куткаруучулары 24 жаштагы жаранга жардам көрcөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү таңкы саат 04:00дө "112" кызматына "Мугалим" чокусуна бараткан эс алуучулардын бири шаркыратманын жанында денеси муздап, эс-учун жоготкону тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу чыгып, жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн. Учурда анын абалы туруктуу.