Ала-Арчада дүйнөлүк стандарттагы алгачкы родельбандын курулушу башталды

Коом Загрузка... 10 Октябрь 2025 18:24
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев, "Ала-Арча" паркынын директору Талант Жекшенов, Германиянын Wiegand компаниясынын директору Юрген Хельмут Рушке катышты.

Хельмут Рушке Кыргызстандын кооз жаратылышына суктанганын баса белгиледи.

"Биз абдан кубанычтабыз жана сыймыктанабыз. Дал биздин компания Кыргызстанда мындай уникалдуу долбоорду ишке ашырып жатканы – бул өзгөчө окуя", – деп билдирди.

Кыргызстандагы алгачкы родельбан 1200 метрден ашык узундукта курулат. 36 заманбап чана орнотулуп, саатына 500гө чейин конокту кабыл ала алат.

"Быйыл биз өлкөнүн тарыхында биринчи жолу канат жолунун курулушун баштадык. Аны дүйнөгө таанымал Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда, жана жакынкы күндөрдө пайдаланууга берилет. Бул – туризм тармагын өнүктүрүүдө чоң кадам. Бүгүн башталган родельбан да ушул багыттагы маанилүү долбоорлордун бири", - деди Каныбек Туманбаев.

Курулушту аяктоо 2026-жылдын март айына белгиленген.