Бишкек, 01.09.25./Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору тарабында дайынсыз болуп жаткан 4 жаш бала аман-эсен табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ, 31-августта “112” кызматына 15 жаштагы С.Э., С.У., Н.А. жана 16 жаштагы О.И. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Ала-Арча паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылган.
Ыкчам чаралардын натыйжасында жаш балдар аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.