Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. “Ала-Арча” жаратылыш паркында жыл бою иштеген родельбан курулат. Бул тууралуу парктын администрациясынан “Кабар” агенттигине билдиришти.
Маалымдалгандай, 10-октябрда А-фрейм үйлөр тарапка аттракциондун курулушуна капсула салынат.
Трассанын жалпы узундугу 1205 метрди түзөт. Конструкция дат баспаган болоттон жасалган эки бекем рельстүү түтүктөн турат.
Анда жүрүү үчүн 36 заманбап чана каралган. Эки адамга арналган ар бир чана 150 килограмм салмакка ылайыкталган. Алдыңкы жүргүнчү бекем кур менен кармалат, ал эми арткысы тормозду жана ылдамдыкты башкарып турат. Максималдуу ылдамдыгы саатына 40 чакырымдан ашпайт.
Курулуш иштерин Wiegand немец компаниясы жүргүзөт.
Тоо аттракциону аркылуу эс алуучулар керемет пейзаждарды аралап өтүп, жыл бою жаратылыштын кооздугу менен тааныштырат.