Ала-Арча паркынан эми кыргыз тасмаларын көрүүгө болот

Маданият Загрузка... 21 Июль 2025 17:43
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын коноктору эми Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган тасмаларды акысыз көрө алышат. Бул тууралуу аталган киностудиядан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, кино тасмалар жайкы сезондун этегине чейин ар дем алыш күнү парктын амфитеатрында, саат 18:00дө көрсөтүлүп турат.

Долбоорду "Ала-Арча" паркынын администрациясы демилгелеп, "Кыргызфильм" киностудиясы жана "Айчүрөк" соода борборунун кинотеатры ишке ашырууда.

Ошондой эле “Көрсөтүүлөр боюнча толук маалымат алуу үчүн: @alaarchapark баракчасына катталыңыздар. Амфитеатр тоонун этегинде жайгашканына байланыштуу көрсөтүүгө барчу кино сүйүүчүлөргө жылуу кийинип алууну сунуштайбыз”-деп айтылат маалыматта.