Акжол Махмудов Алматыдагы PWL-8 мелдешинде жеңишке жетти

Спорт Загрузка... 26 Февраль 2025 16:55
WhatsApp Image 2025-02-26 at 16.51.47.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Казакстандын Алматы шаарында Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинде жеңүүчү болду.

Балбан 77 кг салмакта күрөшүп, атаандашы франциялык Ибрагим Ганемди 6:1 эсебинде жеңди.

Маалымат үчүн: Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Россияда Poddubny Wrestling League деген ат менен түзүлгөн. Былтыр атын өзгөрткөн. Бул мелдеште балбандар бир беттеш өткөрүп, жеңүүчү аныкталат. Уюм түзүлгөндөн бери 7 жолу мелдеш уюштурулуп, алардын бири Бишкекте өткөн.