Акжол Махмудов Азиянын төрт жолку чемпиону болду

Спорт 07 Апрель 2026 20:30
WhatsApp_Image_kVx6F54.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_g6vVmmu.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_kVx6F54.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_g6vVmmu.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Балбан Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында чемпион болду.

Муну менен кыргыз спортчусу Азия чемпионатында кайрадан жеңишке жетип, төртүнчү алтын медалын утту.

77 кг салмак ченинде күч сынашкан Акжол Махмудов финалдык беттеште Ирандын өкүлү Али Оскуну жеңди.

Финалга чейин ал Япония, Казакстан, Өзбекстандын балбандарын утуп алган болчу.