Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстан экономикасы чыныгы секирик жасады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Карасартов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мунай зат, фармацевтика, азык-түлүк, жеңил өнөр жай жана курулуш материалдарын чыгаруу тармагы өлкөдөгү экономикалык өсүүнү камсыздаган негизги тармактар. 2025-жылдын январь - июль айынын жыйынтыгында 375 млрд сомго продукция чыгарылган.
“2019-жылдан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик эки эсеге өстү. 2019-жылы 284 млрд өнөр жай продукциясын чыгарса, 2024-жылы 585 млрд сомго өнөр жай продукциясы чыгарылды. Өнөр жай ИДПнын туруктуу өсүшүнө чоң салым кошуп келет. Бул тармакта өндүрүлгөн продукциялар жыл санап артып, ички керектөөнү камсыздоо гана эмес, экспорттук потенциалды да кеңейтүүдө”,- деди Талантбек Карасартов.
Белгилүү болгондой, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономикалык өсүү 11,5 пайыз темпин көрсөттү.
"Экономикалык өсүү темпин камсыздаган негизги тармактарга токтолсок, биринчиден мунай зат өндүрүү дээрлик эки эсеге өстү. Экинчи фармацевтика тармагы 20 пайызга өстү. Кийинки үчүнчү тармак азык-түлүк, бул биздин экологиялык жактан таза сүт, эт, нан жана башка азыктарыбыз. Төртүнчү социалдык тармак катары белгилүү тигүү же жеңил өнөр жай багыты. Бешинчиси болуп курулуш материалдарын чыгаруу тармагы эсептелет”,- деди министрликтин өкүлү.

Белгилей кетсек, быйыл республика боюнча 128 өнөр жай объектиси ишке кирсе 15 миңдей жаңы жумуш орду түзүлөөрү күтүлүүдө. 2024-жылы 100дөн ашык ишканалар ачылган. Жалпысынан 585 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 8 миң жумуш оруну түзүлгөн. Былтыр ачылган ишканалар өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшүнө үлүш кошуп жатканы маалым.
Ал эми быйыл өлкөдө экономикалык өсүү 7 айдын жыйынтыгы менен 11,5 пайызды түзүп, ИДПнын көлөмү 865,2 млрд сом болду. Бул Кыргызстандын ИДПнын өсүү темпи боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен биринчи орунга чыкты дегенди түшүндүрөт.