Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Көптөгөн өлкөлөр криптографияны жөнгө салып, крипто дос болуп жатканы бизди кубандырат. Бул тууралуу Binance`тын маркетинг боюнча глобалдык директору Рэйчел Конлан журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Ал мындай мисалдардын бири Кыргызстан экенин белгиледи.
"Жакында криптовалюталар боюнча мыйзамдарга жөнгө салуучу өзгөртүүлөр киргизилип, ал бир топ ийкемдүү жана натыйжалуу болгонун билебиз. Кыргызстан Борбор Азияда криптоадаптация жана криптовалюталарды кабыл алуу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Акыркы мезгилде Кыргызстандан келген кардарлардын базасы 65 пайызга өстү. Бул укмуштуудай жетишкендик. Бул криптоиндустрияны жана блокчейнди өнүктүрүү үчүн бул жактагы иш-аракеттердин бардыгы жогорку деңгээлде жасалып жаткандыгынын натыйжасы", – деди ал.
Конлан крипто боюнча аймактык менеджер катары колдонуучулардын билими ал үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
"Кыргызстандагы биздин негизги иш-чараларыбыздын бири университеттик турдан баштап онлайн гана эмес, оффлайн режиминде окутууну баштоо. Муну кийинки жылы ишке ашырууну пландап жатабыз. Алгачкы 10 университет катышат, анткени биз 60 миң адамдыга криптовалютанын негиздерин үйрөтүү милдетин алганбыз. Биз Кыргызстандын Улуттук банкы менен санариптик сом, стабилкоиндер боюнча долбоорлор жана башка долбоорлор экосистеманы да өнүктүрөт жана жергиликтүү колдонуучуларга жеңилдиктерди берет", - деди ал.