Акыркы жумада өлкө аймагында 255 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 22 Сентябрь 2025 09:45
IMG_7808.JPG
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, 15-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкө аймагында 22 692 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жокунаа башкаруу – 1 379;
  • мас абалында унаа башкаруу – 255;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 146;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 655;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 546;
  • авто ээнбаштык – 17;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 633;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 502;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 552  унаа убактылуу айып короого токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.