Акыркы суткада өлкөдө 42 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 20 Июнь 2025 11:16
480961478_103948875.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Бир суткада өлкө аймагында 42 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 6;
  • Ош облусунда – 8;
  • Чүй облусунда – 12;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 5;
  • Ысык-Көл – 1;

Тилсиз жоону өчүрүүгө 49 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болду.