Акыркы суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 19 март 2026 09:13
Акыркы суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Акыркы суткада Кыргызстанда 11 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаары – 2;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 2.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.