Акыркы санак боюнча Кыргызстанда 264 илек-илек байырлайт

Экология Загрузка... 29 Май 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. NABU-Кыргызстан уюму тарабынан Кыргызстанда байырлаган илек-илектерге санак жүргүзүп, 2024-жылдын май айына карата республикада 264 илек-илек байырлаганы аныкталган. Бул тууралуу аталган уюмдун мониторинг бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Сагындыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, илек-илек кушу Баткен, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Шамалды-Сай аймактарында көп кездешет.

“Азыр дүйнө жүзү боюнча куштарга 10 жылда бир дүйнөлүк санак жүрүп турат. Санак негизинен сурамжылоо ыкмасы аркылуу журүп, жергиликтүү тургундардын жардамы чоң болот. Илек-илек кушу Кыргызстанга акыркы жылдары эле келди дегенден алыспыз. Саны азыраак болгону менен өлкө аймагында көп убакыттан бери байырлап келет.

Бул куш мурда Чүй өрөөнүндө да байырлаган. 1990-жылдардан кийин жерлер жеке менчикке өтүп, саздак жерлер өздөштүрүлүп кеткен соң, куштун жашоо чөйрөсүн чектөөчү факторлор орун алган. Натыйжада Чүйдө илек-илектин саны кескин түрдө азайып, жок болуп кеткен”,- дейт Сагындыков.

Башка өлкөлөрдө үйлөрдүн чатырларына, бак-дарактарга үй салышса, бизде илек-илек 99 пайыз электр берүү линиясынын үстүнө уя салышарын аталган уюмдун өкүлү маалымдады.

“Илек-илектер март айында учуп келип, апрель айынан баштап балапан чыгарып, күзгө балапандары чоңоюп калышат”,- дейт ал.

Белгилей кетсек, айыл чарбасы менен бул куштун жашоосу тыгыз байланышта. Айыл чарба, талааларысыз илек-илектин өлкөдө жашап кетүүсү кыйын. Себеби, күрүч, эгин талааларынан тамак-аш таап жеп, талаа-түздүктү байырлайт.

Ак илек-илек – кунастар түркүмүндөгү ири куш. Анын илимий аталышы – Ciconia-ciconia. Бою – 100-120 см. Канаттарын жайганда 155-200 см чейин жетет. Чоң илек-илектердин салмагы – 5 кг. Орто эсеп менен 20 жыл жашайт. Бул ири куштарды кармоого 1952-жылдан тартып тыюу салынып, 1975-жылы “Кызыл китепке” киргизилген.